Маалымат бизден башталат

Жаңы салынган үйлөр өзгөчө кырдаалдарда туруштук береби? Эксперттен жооп

Заманбап технологиялар жана материалдар менен курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөр табигый кырсыктар жана башка өзгөчө кырдаалдарга туруктуулугу менен айырмаланат. Бул тууралуу бүгүн, 2025-жылдын 25-апрелинде PARTNER компаниялар тобунун башкы директору Жоомарт Мураталиев журналисттерге билдирди.

Мураталиевдин айтымында, азыркы курулушта колдонулуп жаткан жаңы материалдар жана заманбап каркас куруу ыкмалары имараттардын бекемдигин жогорулатат. Ар бир жаңы курулуш атайын мамлекеттик кызматтар тарабынан кылдат текшерүүдөн өткөрүлөт.

"Азыркы курулуп жаткан үйлөр жаңы курулуш материалдары менен, каркастары жаңы болуп салынууда. Ар бир салынган үйлөрдү атайын кызматтар текшерүүдөн өткөрөт. Ал эми эски үйлөргө токтолсок, алардын салынганына көп жыл болду, алардыкы бары эскирип калган", - деп белгиледи Мураталиев.

Жаңы курулуш нормаларынын сакталышы жана сапаттуу материалдарды колдонуу менен заманбап көп кабаттуу үйлөр жашоочулардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган маанилүү фактор болуп саналат.

Автор
Редактор
20:36, 25-04-2025

Саясат

Кылмыш

Илим-билим

Спорт

Коом

Экономика

Дүйнөдө