ЕЭКте кыргызстандык мигранттардын укуктарынын бузулушу талкууланды
Бүгүн Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын жыйынында Евразия экономикалык союзуна (ЕАЭС) мүчө мамлекеттердин жарандарынын, анын ичинде кыргызстандыктардын Россиядагы милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ОМС) системасына жеткиликтүүлүгү жана эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо маселелери талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө ЕЭКтин министри Арзыбек Кожошев акыркы убакта Россияда иштеп жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттарынын укуктарынын бузулуу учурларынын көбөйүп жаткандыгына өзгөчө көңүл бурду.
Министр белгилегендей, социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында Кыргызстандын жарандарына документтерди текшерүү учурунда укук коргоо органдары тарабынан орой мамиле жасалгандыгы тууралуу маалыматтар байма-бай жарыяланууда. Айрыкча Москва шаарындагы «Бодрость» мончо комплексинде болгон окуя коомчулукта чоң нааразычылыкты жаратты.
Арзыбек Кожошев бул окуя жана текшерүүлөрдүн видеолорунун таралышы ЕЭКтин мүчө мамлекеттер менен биргеликте евразиялык интеграцияны бекемдөө боюнча жүргүзүп жаткан түшүндүрүү иштерине терс таасирин тийгизип жаткандыгын баса белгиледи.
Министр мындай мыйзамсыз мамилелерге, айрыкча тынч эмгектенип жүргөн жарандардын кадыр-баркына шек келтирген орой аракеттерге тиешелүү органдар тез арада көңүл буруп, адекваттуу чараларды көрүшү керектигин айтты.
Кожошев миграция, эмгек укуктары жана ЕАЭБ жарандарын коргоо маселелери укуктук талаада, эч кандай басмырлоосуз жана ашыкча күч колдонбостон чечилиши зарылдыгын кошумчалады.
ЕЭКтин Коллегиясынын мүчөлөрү бул маселени олуттуу кабыл алып, мындай көрүнүштөрдү болтурбоо жана ЕАЭБ жарандарынын укуктарын коргоо боюнча биргелешкен иш-чараларды көрүү макулдашуусуна келишти.