Маалымат бизден башталат

ВИДЕО-Телефон, барсетка, акчасын тартып алган. Бишкекте тоноочулукка шектелген адам кармалды

5-мартта Биринчи май районунун ИИБ басма сөз кызматы Бишкекте тоноочулукка шектелген адам кармалганын билдирди.

Кылмыш 23-февралда кечки саат жети жарымдар чамасында Ош базарынын аймагында болгон. Рыскулов—Павлов көчөлөрүнүн кесилишинде бейтааныш адам өтүп бара жаткандарга тийишип, кыска уруштан кийин балдардын биринин ичинде телефон жана 7000 сому бар барсеткасын тартып алган.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси («Тоноо») боюнча катталган.

Биринчи май РИИБнин ыкчам кызматкерлери 1986-жылы туулган Э.К. аттуу шектүүнү кармашкан. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө иштеринин алкагында анын башка ушул сыяктуу фактыларга катыштыгы бар-жогу аныкталууда.

Автор
Редактор
13:18, 05-03-2025

Экономика

Спорт

Илим-билим

Саясат

Кылмыш

Коом

Дүйнөдө