Маалымат бизден башталат

Дене тарбия жана спорт департаменти өзүнчө Дене тарбия жана спорт агенттиги болуп өзгөрдү

Президент Садыр Жапаров жарлыкка кол койду, ага ылайык аткаруу бийлигинин органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин түзүмүнө айрым өзгөртүүлөр киргизилди.

Эми дене тарбия жана спорт чөйрөсүн өнүктүрүүнүн ролун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Дене тарбия жана спорт департаментинин базасында Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигин түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган.

Дене тарбия жана спорт боюнча өз алдынча мамлекеттик органды түзүү каралып жаткан тармакты натыйжалуу өнүктүрүү үчүн ыйгарым укуктарды жана ресурстарды топтоштурууга мүмкүндүк берет, программалардын улантуучулугун, спорттук инфратүзүмдү өнүктүрүүнү камсыз кылат, ошондой эле каралып жаткан чөйрөдө өлкөнүн кызыкчылыктарын эл аралык талаптагыдай көрсөтүүнү камсыз кылат.    

Автор
Редактор
16:37, 11-02-2025

Спорт

Коом

Илим-билим

Дүйнөдө

Экономика

Кылмыш

Саясат