Өлкөдө Азербайжан Республикасынын маданият күндөрү өтөт
2025-жылдын 21-24-апрель күндөрү Бишкек шаарында Азербайжан Республикасынын маданият күндөрү өтөт. Бул иш-чара Азербайжан элинин бай жана көп кырдуу маданияты менен Кыргызстандын тургундарын жакындан тааныштыруу максатын көздөйт.
Маданият күндөрүнүн программасы ар түрдүү жана кызыктуу иш-чараларга бай:
- 21-апрель:
- Саат 15:00 – Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Азербайжан улуттук мурас искусствосунун көргөзмөсү ачылат.
- Саат 19:00 – Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Азербайжан искусствосунун чеберлеринин катышуусунда гала концерт болот.
- 22-апрель:
- Саат 14:30 – Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Азербайжан адабиятынын бурчунун ачылышы күтүлөт.
- Саат 15:00 – Ошол эле жерде белгилүү азербайжан акыны Бахтияр Вахабзаденин китебинин бет ачары өтөт.
- Саат 19:00 – Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Азербайжан мамлекеттик бий ансамбли өз өнөрүн тартуулайт.
- 23-апрель:
- Саат 16:00 – Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук орус драма театрында Азербайжан мамлекеттик пантомима театрынын режиссёру Жейхун Дадашовдун мастер-классы өтөт.
- Саат 19:00 – Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Азербайжандын улуу композитору Узейир Гаджибейлинин 140 жылдыгына арналган симфониялык музыка кечеси орун алат.
- 24-апрель:
- Саат 16:00 – Кыргыз улуттук “Манас” театрында салттуу музыкалык аспаптар ансамблинин концерти болот.
- Саат 19:00 – Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында джаз музыкасынын кечи менен маданият күндөрү жыйынтыкталат.
Бул маданий иш-чаралар Кыргызстандын тургундарына Азербайжан элинин бай тарыхы жана маданияты менен таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет. Бардык кызыккан жарандарды бул маданий майрамга активдүү катышууга чакырабыз!
Автор
Редактор
21:10, 16-04-2025