Маалымат бизден башталат

Эненин кыялына арналган жашоодон алынган терең окуя. "Апаңды бийге чакыр" тасмасы бардык кинотеатрларда!

Кечээ жакында Бишкекте болуп өткөн "Апаңды бийге чакыр" аттуу жаңы көркөм тасманын жабык көрсөтүүсү чыныгы фурор жаратты! Эненин аруу тилегине арналган бул терең мазмундуу тасма алгачкы көрүүчүлөрдүн көз жашын да, кубанычын да тартуулай алды. Залда орун алган коноктордун эмоциялары тасманын канчалык деңгээлде таасирдүү жана жүрөккө жакын болгонун айгинелеп турду.

Көрүүчүлөр тасманын сюжетинин тереңдигине, актёрлордун мыкты оюнуна жана жалпы атмосферасына жогору баа беришти. Айрымдары эненин образын өздөрүнүн апаларына салыштырып, терең сезимдерге чөмүлүшкөнүн жашырышкан жок.

"Апаңды бийге чакыр" тасмасы  2025-жылдын 10-апрелинен баштап Кыргызстандын бардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт. Бул тасма ар бир үй-бүлө мүчөсү үчүн маанилүү окуя болуп, эненин чексиз сүйүүсүнүн жана кыялдарынын күчүн даңазалайт.

Кино сүйүүчүлөрдү жана өзгөчө энелерди бул тасманы көрүүгө чакырабыз! Жүрөгүңүздү жылыткан жана ойлондурган бул тасманы өткөрүп жибербеңиздер!

 

 
 
 
 
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Публикация от ЭТНОМЕДИА (@etnomedia.kg)

Автор
Редактор
12:12, 13-04-2025

Кылмыш

Саясат

Коом

Спорт

Илим-билим

Экономика

Дүйнөдө