ВИДЕО-Элди таң калтырып. 19 жаштагы япон дүйнөдө алгачкы жолу рекорддук секирик жасады
Жаш сноубордист Хирото Огивара спорт тарыхына уникалдуу секирик менен кирди. Ал трамплинден 6,5 айланып секирип, бардык көрүүчүлөрдү таң калтырды.
Бул жетишкендик X Games оюндарында чыныгы сенсация болду.
97,33 балл менен Огивара сноуборддун келечеги ушул жерде экенин далилдеди.
"Мен бул ишти биринчи жолу жасадым. Мынчалык бактылуу болгонум эсимде жок. Мен бардык күчүмдү жумшадым", - деп бөлүштү япон спортчусу өз сезимдери менен.
Трамплин - сноуборд же лыжа менен секирүү үчүн атайын курулган жер.
* 2340 градуса - бул спортчунун абада канча айланганын көрсөткөн өтө татаал трюк.
Автор
Редактор
11:54, 29-01-2025