ОшМПУ менен КУУнун кызматташуусу жаңы барак ачты
Ош мамлекеттик педагогикалык университети (ОшМПУ) Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) ректору, профессор Д.Т. Чонтоев баштаган делегацияны жылуу тосуп алды. Сапардын башталышында тартууланган жагымдуу концерттик программа меймандардын маанайын көтөрдү. ОшМПУнун ректору, профессор Б.Б. Зулуевдин коштоосунда КУУнун ректору университеттин заманбап аудиториялары, жаңы окутуу усулдары жана кызыктуу долбоорлору менен таанышты.
Ректор Б.Б. Зулуев өз сөзүндө КУУнун көптөгөн бүтүрүүчүлөрү ОшМПУнун кадырлуу профессордук-окутуучулук курамында эмгектенип жатканын белгилеп өттү. Ошондой эле, канча жогорку окуу жайы болбосун, Улуттук университет дайыма жогорку окуу жайларынын башаты жана флагманы болуп кала берерин баса белгиледи. Эки окуу жайдын тарыхы жана басып өткөн жолу окшош экенин, алдыда дагы көптөгөн биргелешкен иштерди аткарууга мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты.
Иш сапардын эң маанилүү бөлүгү катары эки университеттин ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду. Бул документ илимий коллаборация, чыгармачылык кызматташуу жана академиялык мобилдүүлүк жаатында биргелешкен иш-аракеттерди карайт. КУУнун ректору Д.Т. Чонтоев билим берүү системасындагы трансформация жана жаңылануу боюнча пикир алмашуу мындай жакшы демилгелердин башталышы экенин белгиледи. Ал улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктар менен бирге билим берүүнүн алдыңкы ыкмаларын колдонуу аркылуу жаш муунду татыктуу тарбиялай турган мугалимдерди сапаттуу даярдоо келечекке болгон инвестиция экенин баса белгиледи. Дал ушул Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде педагогикалык багытка өзгөчө көңүл бурулуп жатканы кубандырарлык жагдай экенин айтып өттү.
Мындан тышкары, КУУнун ректору КРнын президенти Садыр Жапаровдун "Алтын Казык" билим берүү программасынын мааниси, келечеги жана күтүлүүчү натыйжалары тууралуу айткан ойлору менен ОшМПУнун профессордук-окутуучулар курамын тааныштырды. Бул багытта конструктивдүү талкуу жүрүп, кызыктуу идеялар айтылды.
Сапардын соңунда КУУнун ректору ОшМПУнун китепканасына Жусуп Баласагындын беш томдук китебин белекке берди жана ректор баштаган делегацияны КУУнун 100 жылдык мааракесине расмий түрдө чакырды.
Ширин Костюк, Журналистика жана коммуникация институтунун директору.