Маалымат бизден башталат

Чүйдөгү мыйзамсыз менчиктештирилген "Орленок " балдар лагери мамлекеттин менчигине кайтарылды

 КР УКМК тарабынан  текшерүү иш-чараларынын натыйжасында Чүй облусунун Жайыл районундагы "Орленок" балдар лагери мамлекетке кайтарылды.
       1994-жылы Жайыл районунун айрым кызмат адамдары жалпы аянты 41200 чарчы метрди түзгөн Боксо-Жол айылынын аймагында жайгашкан "Орленок" балдар лагерин жеке колго мыйзамсыз чыгарууга көмөктөшкөн. Кийинчерээк аталган лагерь эс алуу жайына айландырылган.
       Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган объекттин ээси мыйзамсыз ээлик кылуу жана пайдалануу фактысын мойнуна алып, аны Чүй облусунун Жайыл районунун Талды-Булак айыл өкмөтүнүн балансына өз ыктыяры менен өткөрүп берген.

Автор
Редактор
12:21, 14-02-2025

Спорт

Коом

Илим-билим

Дүйнөдө

Экономика

Кылмыш

Саясат