Кыргызстандык аскерлер Москва жана Минск шаарларындагы Жеңиш парадына аттанышты
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өкүлдөрү, тактап айтканда Улуттук гвардиянын Ардак кароол ротасы, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган аскердик парадга катышуу үчүн Орусиянын Москва шаарына жана Беларусиянын Минск шаарына жөнөп кетишти.
2025-жылдын 24-апрелинде Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин "Кант" авиациялык базасынан сапар алган кыргызстандык гвардиячылар эки борбор шаарда тең Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн жүзү болуп калышат. Бул маанилүү милдет Ардак кароол ротасынын мыкты даярдыгына байланыштуу аларга ишенип тапшырылды.
Белгилей кетсек, бул кыргызстандык гвардиячылардын чет өлкөдөгү алгачкы парады эмес. Алар буга чейин да Пекин, Москва жана Минск шаарларында өткөн аскердик параддарга ийгиликтүү катышып, жогорку саптык даярдыгы жана тартиби менен көрүүчүлөрдү таң калтырып, парад командачыларынын жогорку бааларына татыган.
Биздин гвардиячылар Москва жана Минск шаарларында да Кыргызстанды жана анын Куралдуу Күчтөрүн татыктуу көрсөтөөрүнө ишенебиз. Аларга ак жол жана аскердик парадда ийгиликтүү катышууну каалайбыз!