Депутат Атажанов: Шаарда көп кабаттуу үйлөр козу карындай көп болуп кетти
Жогорку Кеңештин депутаты бүгүнкү жыйында жаңы конуштарга көп кабаттуу үй курууга мораторий киргизүүнү сунуштады.
Ырысбек Атажанов көп кабаттуу үйлөр козу карындай болуп шаардын көркүн бузуп жатканын белгилеген. "Жаңы конуштарга көп кабатуу үй курууга мораторий киргизүү керек. Анткени азыр 4-5 үйдү сатып алышып, көп кабаттуу үй курушууда. Бул коңшуларына да кыйынчылыктарды жаратууда", — деди Атажанов.
Курулуш министринин милдетин аткаруучу Нурдан Орунтаев борбор калаанын башкы планы даярдалып жатканын белгилеп, ага туура келбеген жерге үй курууга уруксат берилбей турганын билдирди.
Автор
Редактор
12:28, 14-02-2025