Маалымат бизден башталат

Депутат Кыдыкбаев  унааны караңгылатууга "жеңилдик" берүүнү сунуштады

Депутат Жаныбек Кыдыкбаев транспорттун терезесин караңгылатуу мыйзамы ЖКга алып келингенде уруксат берүү 20-40 миң сом деп айтылып, кийин 80 миң сом болуп кеткенине нааразы болду.

“Бааны унаанын үлгүсүнө жараша бөлсө болобу? Кымбат баалуу унааларга башка баа, анан арзаныраак унааларга башка кылып. Азыр акчасы барларга (караңгылатууга) мүмкүнчүлүк берилип, карапайым жарандарга жок болуп жатат. Унаанын баасына жана классына карап орто жашагандарга арзандатып, 15 миң сом кылып койсоңор”, — деди Кыдыкбаев.

Автор
Редактор
13:15, 12-02-2025

Дүйнөдө

Илим-билим

Экономика

Коом

Саясат

Спорт

Кылмыш