Маалымат бизден башталат

Ат-Башыда "Көл-Суу керемети" аталган кыш фестивалы өтөт

7-февралда Ат-Башы районунун Көк-Кыя өрөөнүндө жайгашкан Көл-Суу көлүндө уникалдуу "Көл-Суу керемети" аталган кыш фестивалы өтөт. Бул тууралуу Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулууда.

Фестивалдын программасы:

10:00-10:30 – ачылыш аземи;
10:30-11:00 – маданий иш-чара: концерт жана муз үстүндө бий;
11:00-11:30 – улуттук оюндар боюнча сынактар (таяк тартыш, аркан тартыш, бука тартыш, жаздык чабыш);
11:30-12:00 – бүркүт салуу, тайган салуу, жаа атуу, каскадерлор оюндарын көрүү 12:00-13:00 – түштөнүү;
13:00 – иш-чараны жыйынтыктоо.

Экологиялык нормаларды сактоого өзгөчө көңүл бурулат. Көл-Суу көлүнүн экосистемасын коргоо үчүн зыярат кылуунун жаңы эрежелери бекитилет, анын ичинде уюштурулган турлар менен милдеттүү коштоо жана уруксат алуу. Бул иш-чаралар көлдүн булганышын алдын алууга жана суу ресурстарын сактоого багытталган.

Автор
Редактор
11:29, 04-02-2025

Экономика

Спорт

Илим-билим

Саясат

Кылмыш

Коом

Дүйнөдө