Бишкекте N-Group Chess Cup 2025 масштабтуу ышкыбоздор арасындагы шахмат турнири болуп өттү
Бишкек шаарында N-Group курулуш компаниясы Кыргызстандын Шахмат Союзу менен биргеликте өлкөдө шахматты жайылтуу боюнча узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн алкагында уюштурган N-Group Chess Cup 2025 масштабдуу ышкыбоздор арасындагы шахмат турнири болуп өттү.
N-Group компаниясынын башкы директору Сапарбек Курманбаев турнирдин өлкөдөгү шахмат кыймылын өнүктүрүүдөгү маанисин баса белгилеп, компаниянын Кыргызстандын интеллектуалдык келечегин калыптандырууга кошкон салымын белгиледи. Коммерциялык директор Наргиза Артыкова N-Group шахматты колдоого жана стратегиялык ой жүгүртүү идеясын алга жылдырууга салым кошуп жатканына сыймыктанарын кошумчалады.
Турнирге ар кайсы тармактардан 100дөн ашуун катышуучу жана коноктор чогулду. Мелдеш ышкыбоздор арасында командалык блиц (5+3) форматында өттү. Символикалык биринчи кадамды Сапарбек Курманбаев жана Кыргызстандын Шахмат Союзунун президенти Бабур Тольбаев жасашты.
Коноктордун арасында Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жана спорт легендасы Орзубек Назаров болуп, алар интеллектуалдык демилгелерди колдоонун маанилүүлүгүн белгилешти. Жеңүүчүлөр байгелерге ээ болушту. Ошондой эле Кыргызстандын жаш чемпиондорунун көрсөтмө партиясы болуп өттү.
Кыргызстандын алдыңкы курулуш компаниясы болгон N-Group социалдык багыттагы долбоорлорду системалуу түрдө колдойт. N-Group Chess Cup 2025 шахмат жана стратегиялык ой жүгүртүү ышкыбоздору үчүн маанилүү окуя болду.