Маалымат бизден башталат

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы долбоорун тандоо боюнча комиссиянын экинчи отуруму өттү

Бүгүн, 9-апрелде Бишкектеги Кыргыз улуттук “Манас” театрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин текстин жана музыкасын жаңы редакциялоо боюнча мыкты долбоорду тандоо комиссиясынын экинчи отуруму болуп өттү.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев министрлик тарабынан аткарылган иштер тууралуу баяндама жасап, Жобонун талаптары менен тааныштырды. Андан соң сынакка келип түшкөн долбоорлор комиссиянын кароосуна коюлду.

Министр бардык долбоорлорго шифр берилгенин белгилеп, тандоодо калыстыкты сактоо жана бардык талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк берүү боюнча көрүлгөн чараларга токтолду. Комиссия мүчөлөрү келип түшкөн долбоорлорду угуп, эң татыктууларын тандоо боюнча сунуштарын беришти.

Маалыматка ылайык, комиссияга 90 толук долбоор, ошондой эле текст, музыка жана алардын айрым бөлүктөрү боюнча дагы көптөгөн материалдар келип түшкөн. Долбоорлорду кароо эртең да уланат.

 

Автор
Редактор
15:14, 09-04-2025

Экономика

Коом

Спорт

Илим-билим

Саясат

Дүйнөдө

Кылмыш