Маалымат бизден башталат

К.Ташиев абхаз, армян номурлуу унаалардын ээлери менен жолугуп, мыйзамдаштыруу баасын төмөндөттү

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМК төрагасы К.Ташиев абхаз жана армян мамлекеттик номурлары тагылган унаалардын ээлери менен жолугушту. Жолугушууда унааларды мыйзамдаштыруу маселеси талкууланды.

Буга чейин айрым айдоочулар мыйзамдаштыруу процесси боюнча өлкө жетекчилигине кайрылган. К.Ташиев Президенттин тапшырмасы менен алардын өтүнүчүн укту.

Жолугушуунун жүрүшүндө айдоочулар мыйзамдаштыруу баасы кымбат экенин айтып, аны арзандатууну суранышты. Ошондой эле, каттоодогу айрым көйгөйлөрдү белгилешти.

К.Ташиев жарандардын өтүнүчүн эске алып, тиешелүү токтомго өзгөртүүлөр киргизилип, 2ге чейинки көлөмдөгү унааларды мыйзамдаштыруу баасы 50 миң сомго чейин төмөндөтүлгөнүн билдирди. Мындан тышкары, унаа токтотуучу жайдын күнүмдүк баасы, лабораториялык текшерүүнүн баасы да арзандатылды, Чек ара кызматынан берилүүчү аныктама алынып салынды.

УКМК төрагасы тийиштүү органдарга бул маселелерди тез арада чечүү тапшырмасын берди. Абхаз, армян номурлуу унаалардын ээлери мыйзамдаштыруу боюнча 14-апрелден баштап УКМКнын жергиликтүү бөлүмдөрүнө кайрылса болот.

Эскерте кетсек, мыйзамдаштыруу унааларды сатууга укук бербейт жана процесс аяктамайынча айдоого тыюу салынат. Унааны мыйзамдаштыруу учурунда гана пайдаланууга уруксат берилет.

Автор
Редактор
15:24, 09-04-2025

Спорт

Дүйнөдө

Кылмыш

Экономика

Коом

Саясат

Илим-билим