Маалымат бизден башталат

Баткенден Ысык-Көлгө кыргыз тыбыт породасындагы эчкилерден 200 баш жеткирилди 

Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин алдындагы “Кыргызмамасылтукумзаводу” мамлекеттик ишканасы тарабынан Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы “Оргочор” кой өстүрүү боюнча тажрыйба станциясынын базасын чыңдоо, жана тыбыт эчкилерди жайылтуу максатында Баткен облусундагы “Тегирмен-Башы” мамлекеттик асыл тукум заводу филиалында өстүрүлгөн кыргыз тыбыт породасындагы эчкилерден 200 баш жеткирилип берилди. Бүгүнкү күндө “Тегирмен-Башы” мамлекеттик асыл тукум заводдунда 2000 ге жакын тыбыт багытындагы эчкилер өстүрүлүп 500-600 кг чейин тыбыт өндүрүлүп, ал эми “Оргочор” мамлекеттик асыл тукум заводунда 2 баш жылкы жана 1000 баштын тегерегинде кыргыз тоо меринос породасындагы койлор өстүрүлүп келүүдө.     
Мындан сырткары, “Нарын” мамлекеттик асыл тукум заводу филиалына Талас мамлекеттик асыл тукум заводу филиалында өстүрүлгөн жаңы кыргыз породасындагы 5 жылкы жеткирилип берилди.
Бул иш чарларадын максаты мамлекеттик асыл тукум заводдорду өнүктүрүү материалдык техникалык базасын чыңдоо жана асыл тукум айыл чарба жаныбарларын жайылтуу болуп саналат.
Автор
Редактор
16:43, 03-03-2025

Дүйнөдө

Илим-билим

Экономика

Коом

Саясат

Спорт

Кылмыш