Маалымат бизден башталат

ШКУНУН БИШКЕК САММИТИ: КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮН ЧОҢ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮ АЧКАН ЧЕЧИМДЕР 

ШКУНУН БИШКЕК САММИТИ: КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮН ЧОҢ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮ АЧКАН ЧЕЧИМДЕР.

Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммити Кыргызстандын тышкы саясатында өзгөчө из калтырган окуялардын бири болду. Бир нече күн бою өлкөбүз ири державалардын жана кубаттуу экономикасы бар мамлекеттердин кызыкчылыктары кесилишкен, келечекке багыт берген чечимдер кабыл алынган саясий аянтчага айланды.

 

Саммиттин жыйынтыгында транспорт, энергетика, жасалма интеллект, климат, коопсуздук жана финансылык кызматташтык боюнча кабыл алынган документтер Кыргызстандын өнүгүү багыттарына үндөш келди. Алардын ар биринин артында өлкөбүздүн өз кызыкчылыгы, өз эсеби жана өз келечеги турат. Бүгүнкү дүйнөнүн күрөө тамырын кармаган маселелердин Бишкекте талкууланып, тиешелүү чечимдер менен бекемделиши Кыргызстандын ШКУдагы салмагы артып баратканын көрсөттү.

 

Саммиттин саясий өзөгү Бишкек декларациясы болду. Дүйнөнүн ири мамлекеттеринин башчылары чогулган уюм өзүнүн маанилүү саясий документин Бишкектин аты менен кабыл алды. Бул Кыргызстандын дипломатиялык тарыхында өз орду бар көрүнүш. Борбор калаа бир нече күн бою мамлекеттердин кызыкчылыктары айкалышкан, пикирлер бышып жетилген жана орток чечимдер табылган чоң саясий ордого айланды.

 

Кыргызстан үчүн транспорт маселеси өзгөчө мааниге ээ. Саммитте ШКУ мамлекеттеринин портторун жана логистикалык борборлорун өнүктүрүү боюнча 2026-2030-жылдарга карата жол картасы кабыл алынды. Тогуз жолдун тоомунда жайгашкан Кыргызстан үчүн бул документ жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачат.

 

Чыгышта дүйнөлүк өндүрүштүн өзөгү болгон Кытай, батышта Борбор Азия, Кавказ, Түркия жана андан ары Европа жатат. Кыргызстан ушул эки чоң мейкиндиктин ортосунда өзүнүн экономикалык ордун табууга умтулууда.

 

Айрыкча, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу жаңы экономикалык мейкиндиктин кан тамыры болуп калат. Темир жол аркылуу жүк гана ташылбайт. Анын артынан соода келет, терминалдар курулат, кампалар ачылат, тейлөө тармагы өнүгөт, ишканалар пайда болуп, жаңы жумуш орундары түзүлөт. Бүгүн жөнөкөй көрүнгөн темир жол бекети эртең бүтүндөй аймактын экономикалык борборуна айланышы мүмкүн.

 

Буга чейин Кыргызстандын транзиттик мүмкүнчүлүгү жөнүндө көп айтылып келсе, эми ошол сөздөр рельске, жолго жана логистикалык борборлорго айланып жатат. Өлкөбүз өзүнүн географиялык жайгашуусун экономикалык байлыкка айландыра баштаганда гана анын чыныгы баасы билинет.

 

Жасалма интеллект боюнча кабыл алынган документтердин мааниси мындан кем эмес. Дүйнө жаңы технологиялык доорго кирди. Бүгүн байлык жер алдындагы кен менен гана өлчөнбөйт. Маалыматты ким тез иштетсе, илимди ким өндүрүшкө айлантса, технологияны ким өздөштүрсө - эртеңки күндүн тизгини ошонун колунда болот.

 

Кыргызстандын бул багытта таяна турган күчү анын жаштары. Өлкөдө IT тармагы өсүп, жаңы технологияларды тез өздөштүргөн муун калыптанууда. ШКУ алкагындагы кызматташтык ушул потенциалды чоң рыноктор жана алдыңкы технологиялык мектептер менен байланыштырууга жол ачат. Кытайдын технологиялык мүмкүнчүлүгү, Индиянын IT мектеби, Россиянын илимий базасы жана башка мүчө мамлекеттердин тажрыйбасы кыргызстандык адистер үчүн кеңири мейкиндик түзөт.

 

Энергетика боюнча кабыл алынган чечимдер Кыргызстандын табигый байлыгына түз барып такалат. Тоолордон агып түшкөн суу көп жылдан бери өлкөнүн эң чоң мүмкүнчүлүктөрүнүн бири катары айтылып келет. Эми ошол мүмкүнчүлүктү толук пайдаланчу мезгил жетти.

 

Жаңы ГЭСтерди куруу, электр тармактарын жаңылоо, энергияны үнөмдөөчү технологияларды киргизүү жана региондук энергетикалык байланыштарды кеңейтүү Кыргызстандын экономикасына узак мөөнөттүү дем берет. Суу бүгүн табигый байлык. Эртең ал экономикалык күчкө айланат. Бул багыттагы туура саясат Кыргызстанды Борбор Азиядагы таза энергиянын олуттуу борборлорунун бирине чыгара алат.

 

Климат маселеси да биздин өлкө үчүн чоочун кеп эмес. Мөңгүлөрдүн абалы айылдагы дыйкандын суусуна, ГЭСтердин кубаттуулугуна, жайыттардын түшүмдүүлүгүнө жана сел жүргөн аймактардагы үй-бүлөлөрдүн коопсуздугуна чейин таасир берет. Биоартүрдүүлүктү сактоо, жашыл технологияларды жайылтуу жана климаттын өзгөрүшүнө каршы биргелешкен аракеттер боюнча кабыл алынган документтер Кыргызстандын тоолуу мамлекет катары үнүн күчөтөт.

 

Бул жаатта Кыргызстандын дүйнөгө айта турган сөзү бар. Мөңгү, суу жана тоо экосистемасы боюнча топтолгон тажрыйба өзүнчө чоң илимий ресурс. Аны эл аралык кызматташтык менен айкалыштыруу жаңы изилдөөлөргө, технологияларга жана инвестициялык долбоорлорго жол ачат.

 

Коопсуздук боюнча Бишкекте кабыл алынган чечимдердин да салмагы олуттуу. Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүчү ШКУ түзүмүнүн Бишкекте жайгашуусу борбор калаанын регионалдык коопсуздуктагы ордун бекемдейт. Анткени эл аралык түзүмдөр кайсы жерде жайгашса, маалымат, адистер, тажрыйба жана саясий көңүл да ошол жерге топтолот.

 

ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү боюнча консультациялардын жанданышы Кыргызстан үчүн өзүнчө чоң мааниге ээ. Өлкөбүз азыр темир жол, энергетика, ирригация, автожол жана логистика сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашырууда. Масштабдуу иштер масштабдуу каражатты талап кылат. Жаңы финансылык механизмдердин пайда болушу Кыргызстанга өз долбоорлорун кеңири эл аралык каржы мейкиндигине алып чыгууга шарт түзөт.

 

Бишкек саммитинин негизги жыйынтыгы да ушунда жатат. Кыргызстан өзүнүн транспорттук, энергетикалык, технологиялык жана табигый мүмкүнчүлүктөрүн майда бөлүктөргө ажыратпай, бир бүтүн мамлекеттик кызыкчылыкка айкалыштыра баштады.

 

Саммит аяктады, бирок анда кабыл алынган чечимдердин чыныгы салмагы эми ачылат. Темир жол, энергетика, технология, логистика, инвестиция жана коопсуздук боюнча белгиленген багыттар Кыргызстандын алдыдагы өнүгүү темпин аныктайт.

 

Өлкөнүн географиялык орду экономикалык артыкчылыкка, суу ресурстары стратегиялык күчкө, жаштардын билими технологиялык мүмкүнчүлүккө, ал эми Бишкектин дипломатиялык активдүүлүгү эл аралык ишенимге айланып бара жатат.

 

Мамлекеттин кубаты колундагы мүмкүнчүлүктү канчалык туура пайдалана алганынан көрүнөт. Кыргызстан бүгүн дал ушундай чечүүчү кезеңге келди: багыт аныкталды, мейкиндик кеңейди. Эми ошол мүмкүнчүлүктөрдү өлкөнүн узак мөөнөттүү кызыкчылыгына иштетүү милдети турат.

 

Автор
Редактор
11:27, 11-09-2026

Кылмыш

Дүйнөдө

Саясат

Илим-билим

Маданият

Экономика

Коом

Спорт