Таласта бир күндө бир катар ири объекттер пайдаланууга берилүүдө
Талас облусунда акыркы жылдары жүргүзүлгөн ири курулуш жана жаңылоо иштеринин бир катар жыйынтыктары бүгүн, 11-сентябрда, коомчулукка көрсөтүлүп, жаңы объекттер пайдаланууга берилүүдө.
Президенттин катышуусунда өтүп жаткан иш-чаралардын программасына социалдык, билим берүү, спорт, транспорт, маданият жана диний багыттагы бир катар маанилүү объекттердин ачылышы кирген.
Күндүн программасы мамлекеттик тууну көтөрүү аземи менен башталды. Андан соң өлкө жетекчилиги жана коноктор К. Нуржанов аллеясындагы объекттер менен таанышууда.
Билим берүү тармагында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Талас регионалдык көп тармактуу институтунун жаңы корпусу ачылууда. Ошондой эле 920 окуучуга ылайыкталган «Акылман» президенттик лицейи пайдаланууга берилет. Лицейде 168 орундуу жатакана да каралган. Ушул эле иш-чаранын алкагында өлкө боюнча курулуп бүткөн 100 социалдык объект онлайн форматта ачылат.
Транспорт тармагында Талас шаары үчүн сатылып алынган 30 электробустун ачкычтары тапшырылууда. Аларга жалпы 180 млн сом каражат жумшалган. Жаңы автобустар шаардык коомдук транспортту жаңылоого жана жүргүнчүлөр үчүн шарттарды жакшыртууга багытталган.
Спорт тармагында 5 миң көрүүчүгө ылайыкталган Талас шаарынын борбордук стадиону ачылууда. Стадиондо заманбап трибуналар, VAR системасы, футболчулар үчүн жатакана жана машыгуу өткөрүүгө зарыл шарттар түзүлгөн.
Балдар үчүн курулган «Баластан» көңүл ачуучу борбору да бүгүн пайдаланууга берилет. 6,5 гектар аянттагы комплексте кинотеатр, музейлер, боулинг, аттракциондор жана чыгармачылык борборлор жайгашкан. Борбор толук иштей баштаганда 200дөн ашык жумуш орду түзүлөрү күтүлүүдө.
Маданий жана туристтик инфраструктурада да олуттуу өзгөрүүлөр бар. 225 гектар аянтты ээлеген «Манас Ордо» улуттук комплексинде масштабдуу реконструкция жүргүзүлүп, анын алкагында курулган жаңы объекттер бүгүн ачылууда. Комплекс жаңылангандан кийин күнүнө 10 миңге чейин конок кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Ошондой эле бүгүн Талас облусунун жаңы борбордук мечити ачылат. Ал 4,2 миң адамга ылайыкталган.
Мындан тышкары, облуста башка да ири долбоорлор ишке ашырылууда. Талас шаарында жана райондордо жалпы 68 социалдык, инфраструктуралык жана өндүрүштүк объектте иштер жүргүзүлүп жатат.
Жол тармагында Талас шаарында 28 чакырым жаңы жол курулууда. Бул максатка Президенттин Турукташтыруу фондунан 1 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн. 2024–2025-жылдары шаарда 30 чакырым жол жана 56 чакырым тротуар курулган.
Шаардын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу максатында 70 көп кабаттуу үйдүн жана мамлекеттик мекемелердин фасаддары жаңыланууда. Ошондой эле 165 млн сомго жаңы борбордук парк курулуп, пайдаланууга берилген.
Экономикалык багытта Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ири завод курулууда. Анын курулушуна 200 млн сом, өндүрүштү толук ишке киргизүүгө дагы 800 млн сом каралган. Талас шаарында жана ага жакын аймактарда асфальт, бетон жана кирпич чыгаруучу жаңы ишканалар да ишке киргизилүүдө.
Чек ара жана жол инфраструктурасы да жаңыланып жатат. Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Чоң-Капка» өткөрмө пункту реконструкцияланып, кирүү жана чыгуу тилкелеринин саны экиден төрткө көбөйтүлгөн. Өтмөк ашуусунан Талды-Булакка чейинки 37 чакырым жолго жарыктандыруу системасы орнотулууда.
Мындан тышкары, Шекер айылында Чыңгыз Айтматовго арналган «Чыңгыз Ааламы» маданий-мемориалдык комплекси курулуп жатат.
11-сентябрдагы иш-чаралар Талас шаарынын борбордук аянтында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу программа менен жыйынтыкталат. Анда кыргыз жана чет элдик эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт өтүшү күтүлүүдө.