Президенттин «Ырыс Ордодогу» кадамы: Саясий айырмачылыктан бийик турган биримдик
«Кулаалы таптап куш кылдым,
Курама жыйып журт кылдым».
«Манас» эпосунан
Кыргыздын күчү - биримдикте. Кандай гана саясий көз карашта болбойлу, кеп мамлекеттин келечеги, элдин бүтүндүгү жөнүндө болгондо жеке таарынычты, кекти, кызыкчылыкты четке коюп, бир түндүктүн алдына бириге билишибиз керек.
Ажобуз Садыр Жапаров «Ырыс Ордо» конгресс-холлунун ачылышында дал ушул журт башчысына тиешелүү айкөлдүктүн, бийиктиктин, адамгерчиликтин, анан барып мырзалык сапаттын чыныгы үлгүсүн дагы бир ирет көрсөттү.
Архитектуралык дизайны жана курулушу менен мекендештерибизди гана эмес, алыскы-жакынкы коңшуларыбызды да таңдандырып жаткан жаңы имараттын ачылышына мурда мамлекет башкарган жетекчилер, саясий, маданий жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, жарандык коомдун активисттери менен блогерлер чакырылды. Эч ким позиция-оппозицияга бөлүнгөн жок. Баарынын башы бир түндүктүн алдына бирикти.
Иш-чарага ажонун саясатын кескин сындап жүргөндөр да, өздөрүн оппозиция катары көрсөткөн саясатчылар да келди. Аларга төрдөн орун берилип, жалпы журттун келечеги тууралуу сөз айтылды. Президент элди ынтымакка, биримдикке чакырды.
Ким эмне дебесин, ажонун бул кадамы жеке кызыкчылыктан кыргыздын кызыкчылыгын жогору коё билгендигин айгинеледи. Таарынычтын, кектин жана өч алуунун деңгээлине түшпөй, улуттун бүтүндүгү үчүн саясий көз карашы башка адамдар менен да бир дасторкондо отура билүү алсыздык эмес. Тескерисинче, бул бийиктик. Чыныгы күч - атаандашты четке кагууда эмес, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн анын да сөзүн уга билүүдө.
Тээ башта Садыр Жапаров саясий күрөштүн далай оор сыноосун башынан өткөрдү. Азып-тозду, камалды, ата-энесине, атүгүл канынан жаралган уулуна жарытылуу топурак сала албай калды. Пенде көтөрө алгыс кайгыны башынан кечирип, кийин бийликке келгенде жеке өч алуунун жолуна түшкөн жок.
Өзү оор мамилеге туш болгон мезгилдеги өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев түрмөдө жатканда да адамгерчиликтүү мамиле жасай алды. Ошондо эл Садыр Жапаровдун кечиримдүүлүгүнө, сабырына жана айкөлдүгүнө баа берип, алкышын айткан эле. «Ырыс Ордодогу» кечээки көрүнүш ошол сапаттын дагы бир ирет далилдениши болду.
Элибизде «таш менен урганды аш менен ур» деген нарктуу сөз бар. Жамандыкка жакшылык менен жооп берүү - адамды кичирейтпейт, тескерисинче, анын даражасын бийиктетет. Балким, ажобуздун эл алдындагы кадыр-баркынын артып жатышына да анын ушундай кең пейили себеп болуп жаткандыр.
Бирок биримдик бир гана президенттин айланасына топтолуу дегенди билдирбейт. Биримдик - Кыргызстандын кызыкчылыгынын айланасына биригүү. Ажону колдогон да, сындаган да адам мамлекеттин бүтүндүгүн, элдин тынчтыгын жана келечек муундун тагдырын биринчи орунга коюшу керек. Сын болсо өлкөнү оңдоо үчүн айтылсын. Саясий күрөш болсо - мамлекетти алсыратпай турган чекте жүрсүн.
«Ырыс Ордодо» өткөн иш-чаранын негизги мааниси да ушунда. Бир дасторкондун четинде ар башка көз караштагы адамдар отурду. Бирок алардын баарынын мекени бир, эли бир, келечеги бир. Бизди бөлгөн пикирлер канчалык көп болбосун, бириктирген Кыргызстаныбыз андан алда канча бийик турушу керек.
Журт башчысынын айкөлдүгүн алсыздык катары көрүп, бери карап күлүп, ары карап ишти былгытпайлы. Эртеңки келечегибиз, элибиздин бакубат турмушу үчүн бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, ынтымакка келели.
Өзүбүзгө өзүбүз күйүп, өзүбүздү өзүбүз оңдоп, бири-бирибизди жөлөп-таябасак, өзгөлөр бизге өбөк болуп, өргө сүйрөбөйт. Кыргыздын күчү - кыргыздын өзүндө. Ал күчтүн башаты - биримдик.