Маалымат бизден башталат

Президенттик жана парламенттик шайлоого талапкерлерди каттоо тартибин катаалдатуу сунушталды

Президенттик жана парламенттик шайлоого талапкерлерди каттоо жол-жобосун катаалдатууну караган мыйзам долбоору сунушталды. Аны Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жана депутаттар Дастан Бекешев, Мирлан Жээнчороев демилгелешкен.

Долбоорго ылайык, жаран талапкер болуу ниетин шайлоо фондун түзүп, шайлоо күрөөсүн төлөгөндөн кийин гана расмий билдире алат.

Демилгечилер буга чейинки шайлоолордо айрым жарандар талапкерликке арыз берип, бирок шайлоо фондун ачпай же күрөө төкпөй койгон учурлар көп болгонун белгилешет. Алар муну ашыкча бюрократия жаратып, ак ниет саясий атаандаштык принциптерине каршы келет деп эсептешет.

Мисал катары былтыркы парламенттик шайлоодо катышуу ниети менен 589 арыз түшкөнү, бирок алардын 467си гана каттоодон өткөнү айтылган. Калган 122 адам арыз жазуу менен эле чектелген.

Мыйзам долбоорунда үгүтчүлөрдүн санын өзгөртүү дагы сунушталууда. Азыркы тартип боюнча президенттик шайлоодо 10 миңге чейин, парламенттик шайлоодо 1 миңге чейин үгүтчү каттоого уруксат берилет. Жаңы сунушта болсо ар бир шайлоо тилкесине эң көп дегенде үчтөн үгүтчү каралат.

Ошондой эле талапкерди колдоо үчүн кол топтоо жараянын электрондук форматта жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүү сунушталууда.

Эске салсак, шайлоо мыйзамына былтыр апрель айында өзгөртүү киргизилип, эми Жогорку Кеңешке 30 округдан жалпы 90 депутат шайланмай болгон. Буга чейин 36 мандат бир мандаттуу округдардан шайланган талапкерлерге, ал эми 54 мандат саясий партияларга бөлүнүп келген. Ошондой эле үгүтчүлөрдүн саны 500дөн 1 миңге көбөйтүлүп, шайлоо күрөөсү 300 миң сом болуп бекитилген.

 
Автор
Редактор
11:10, 13-05-2026

Илим-билим

Дүйнөдө

Саясат

Кылмыш

Коом

Экономика

Спорт