VI ДКО: Аркан тартыш боюнча мелдештин жыйынтыгы
КЫРЧЫН, 4-сентябрь — 2–4-сентябрь күндөрү Кырчын жайлоосундагы Спорт шаарчасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында аркан тартыш боюнча мелдеш өттү.
Мелдешке 13 мамлекеттен 13 команда катышты. Эркектер арасындагы абсолюттук салмак категориясында спортчулар 1×1, 4×4 жана 8×8 форматтарында күч сынашты.
1×1 форматындагы мелдештин жыйынтыгы:
- 🥇 1-орун — Казакстан — 50 миң сом;
- 🥈 2-орун — Кыргызстан — 40 миң сом;
- 🥉 3-орун — Пакистан — 30 миң сом.
4×4 форматындагы мелдештин жыйынтыгы:
- 🥇 1-орун — Казакстан — 100 миң сом;
- 🥈 2-орун — Иран — 80 миң сом;
- 🥉 3-орун — Кыргызстан — 60 миң сом.
8×8 форматындагы мелдештин жыйынтыгы:
- 🥇 1-орун — Казакстан — 150 миң сом;
- 🥈 2-орун — Кыргызстан — 130 миң сом;
- 🥉 3-орун — Пакистан — 100 миң сом.
Маалымат үчүн: Аркан тартыш — дүйнө элдеринин күч сынашуусуна негизделген мелдеш. Аталган спорт түрү үч багыт боюнча өткөрүлөт:
- 1×1 — жеке жолугушуулар;
- 4×4 — төрт кишиден турган командалар арасындагы таймаш;
- 8×8 — сегиз кишиден турган командалар арасындагы таймаш.
Жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Автор
Редактор
01:02, 06-09-2026