VI ДКО: Стронгмен боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды
КЫРЧЫН, 4-сентябрь — 2–4-сентябрь күндөрү Кырчын жайлоосундагы Спорт шаарчасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында стронгмен боюнча мелдеш өттү.
Мелдешке дүйнөнүн 10 мамлекетинен 19 спортчу катышып, күч сынашты.
Жыйынтыгында байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
- 🥇 1-орун — Сажад Солтанинежад (Иран) — 150 миң сом;
- 🥈 2-орун — Денис Вагапов (Россия) — 130 миң сом;
- 🥉 3-орун — Вадим Макарстов (Казакстан) — 100 миң сом.
Маалымат үчүн: Стронгмен — дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген күчтүү балбандар күч сынашкан мелдеш. Аталган спорт түрү эркектер арасында өткөрүлүп, катышуучулар салмак категорияларына бөлүнбөйт.
Жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Автор
Редактор
00:58, 06-09-2026