Маалымат бизден башталат

Ассоль Молдокматова кыздардын сабалышы боюнча жаңжал тууралуу комментарий берди

Кармалган бийчи Жан Воиновдун апасы — телеалыпбаруучу жана коомдук ишмер Ассоль Молдокматова кыздардын сабалышы боюнча жаңжал тууралуу комментарий берди.

 

Ал өзүнүн видео кайрылуусунда мындай деди:

 

«Көп жылдан бери коомдогу бардык маселелерди ачык айтып келем жана дайыма адилеттүүлүктүн тарабында болом. Болгон окуя мени абдан оорутту. Азыр иликтөө жүрүп жатат, анын жыйынтыгын күтө туралы. Мен адилеттүү чечим чыгарына ишенем. Бул менин балдарым — мен аларды абдан жакшы көрөм. Зарина мага кызымдай — неберелеримдин апасы. Ар бир чоң адам өзүнүн кылган ишине жооптуу. Мен ар дайым адилеттүүлүктү жактайм.»

 

Эске салсак, Жан Воинов жана анын жездеси Р.А. (1994-жылы туулган) 30-июнга караган түнү Sheraton мейманканасында болгон окуя боюнча — үч кызды сабоо фактысы менен кармалган.

 

Блогер Алина Жакыпова (begemotkyz) Зариана Алмасованы, анын бир тууганын жана Жан Воиновду кол көтөргөн деп айыптаган. Анын айтымында, алар бир нече ирет сабалып, эркектердин бири муздак курал менен коркуткан.

 

Азыркы учурда бул иш боюнча тергөө жүрүп жатат. Воинов жана Алмасовдордун үй-бүлөсүнүн жактоочуларынан расмий комментарийлер келе элек.

 

https://www.instagram.com/reel/DLrO1gFIMbn/?igsh=bnh1NXdkdTJwdXZh

Автор
Редактор
14:08, 04-07-2025

Спорт

Дүйнөдө

Кылмыш

Экономика

Коом

Саясат

Илим-билим