VI ДКО: Кыргыз командасы ордо боюнча баш байгени багындырды
VI ДКО: Ордо боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды
КЫРЧЫН, 5-сентябрь — Кырчын жайлоосундагы Спорт ордосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында ордо боюнча мелдеш жыйынтыкталды.
Улуттук оюн боюнча таймаштар 1–5-сентябрь күндөрү өтүп, ага 13 мамлекеттен 13 команда катышты.
Мелдештин жыйынтыгында командалар арасында байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
- 🥇 1-орун — Кыргызстан;
- 🥈 2-орун — АКШ;
- 🥉 3-орун — Казакстан.
Жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Байге фонду:
- 1-орун — 500 миң сом;
- 2-орун — 400 миң сом;
- 3-орун — 300 миң сом.
Ордо — кыргыз элинин байыркы улуттук оюндарынын бири. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы мелдеште өлкөлөрдүн командалары улуттук оюндун чеберчилигин көрсөтүштү.
Автор
Редактор
01:08, 06-09-2026