Маалымат бизден башталат

"Э" же "Е"? Сыртбай Мусаев кыргыз тилинин жаңы жазуу эрежелери боюнча пикирин билдирди

25-июндан бери коомчулукта кыргыз тилинин орфографиялык эрежелерине байланыштуу талкуу уланып жатат. Айрыкча алфавиттен “Э” тамгасын алып салып, анын ордуна “Е” тамгасын колдонуу сунушу коомдо талаш пикир жаратты. Бул демилгеге каршы чыккандар да арбын болууда.

Сунушталган долбоорду Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия түзгөн эксперттик топ иштеп чыккан. Бул топтун төрагасы Сыртбай Мусаевдин айтымында, коомдо маселенин маңызы туура эмес түшүнүлүп, ашыкча талаш жаралууда.

Окумуштуу тилде тамгадан мурда тыбыш пайда болорун белгилеп, тамга — болгону тыбышты белгилеген шарттуу белги экенин айтты.

Анын айтымында, учурда кыргыз тилинде бир тыбыш эки башка белги менен берилип келген учурлар бар. Ошондуктан алфавитти жөнөкөйлөтүү зарылдыгы айтылууда.

“Тамгадан мурда тыбыш пайда болот. Тамга — тыбышты көрсөткөн шарттуу гана белги. Мисалы, “А” тыбышы кирилл арибинде башка белги менен, араб арибинде узун бир таяк менен белгиленет. Жалгыз гана бизде бир тыбышты эки белги менен белгилеп алганбыз. “Элечек” деген сөздү алсак, башында келген “Э” тыбышын “Э” менен айтып калганын “Е” менен “ЭлЙЕчЙЕк” деп жаткан жокпуз да, туурабы? “Элечек” деп эле татынакай айтып жатпайбызбы. Биз болгону башты айлантпай тескери “Э” тамгасын эле алып салалы деп жатабыз. Аны түшүнбөй эле анан менин атым “ЙЕлмира” болуп калабы, “ЙЕлмирбек” болуп калабы деп ызылдап жатышпайбы. Мейли, ошентип көк буусун чыгарып алышсын. Алфавит түзүүнүн эрежеси боюнча бир тыбышты бир белги менен эле белгилешибиз керек", — деди Мусаев.

Анын айтымында, сунушталган өзгөрүүнүн негизги бөлүгү ушул маселеге гана тиешелүү. Калган пункттар, мисалы кошмок сөздөрдү бириктирип жазуу сыяктуу маселелер — тактоону талап кылган техникалык эрежелер.

Автор
Редактор
11:55, 30-06-2026

Экономика

Маданият

Илим-билим

Кылмыш

Коом

Дүйнөдө

Саясат

Спорт