49 500 АКШ доллары. Ошто гашиш жана ири суммадагы акча каражаттары табылган кылмыштуу топ кармалды
2026-жылдын 8-апрелинде Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында баңгизаттарды сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
Аталган иш-чаралардын алкагында 1976-жылы туулган А.И.Т. аттуу жаран кармалып, анын жанынан “гашиш” баңгизаты табылып, алынган.
Ыкчам иштерди улантуунун жүрүшүндө анын шериги катары шектелген 1976-жылы туулган Ш.Н.А. аттуу жаран да кармалды. Анын жашаган дарегине жүргүзүлгөн тинтүү учурунда буюмдарды сактоочу жайдан “гашиш” баңгизаты табылган.
Мындан тышкары, тинтүү учурунда “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү ок атуучу куралга тиешелүү 7 даана ок-дары жана “АКМ” үлгүсүндөгү автоматка тиешелүү 3 даана ок-дары табылып алынган. Ошондой эле уктоочу бөлмөсүнөн 49 500 АКШ доллары жана 10 000 сом өлчөмүндөгү акча каражаттары табылып, тиешелүү тартипте протокол менен алынган.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголду. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.