Жибек Урустемованын мурунку күйөөсү өмүр бою эркинен ажыратылды
Свердлов райондук соту Бакыт Урустемовду "Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү" жана "Кыйноо" беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыратты. Ал ошондой эле жабырланган тарапка 1 млн сом кенемте төлөмөй болду.
Эске салсак, Бакыт Урустемов былтыр декабрда мурдагы жубайы, мугалим Жибек Урустемованы атып өлтүргөн. Үч уул энесиз калган.
Автор
Редактор
16:22, 17-07-2026