КУУнун ректору көчмөндөр цивилизациясына арналган эл аралык конференцияга катышты
КУУнун ректору көчмөндөр цивилизациясына арналган эл аралык конференцияга катышты
ЫСЫК-КӨЛ, 3-сентябрь — Ысык-Көл районунун Өрнөк айылындагы Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясынын борборунда «Көчмөндөр цивилизациясы: мурастары, парадигмасы жана келечеги» аттуу эл аралык илимий конференция өттү.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган жыйынга дүйнөнүн 28 өлкөсүнөн окумуштуулар, изилдөөчүлөр, академиялык коомчулуктун өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана ардактуу коноктор катышты.
Конференцияга Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, география илимдеринин доктору, профессор Догдурбек Чонтоев эл аралык эксперт катары катышып, жыйындын расмий бөлүгүндө саламдашуу сөзүн сүйлөдү.
Илимий жыйында көчмөндөрдүн дүйнөлүк цивилизациядагы орду жана маданий мурасы, климаттын өзгөрүшү жана санариптешүү шартындагы туруктуу өнүгүү, көчмөндөрдүн саясий-укуктук системалары, археологиялык ачылыштар, этноспорт жана түрк дүйнөсүнүн маданий мурастары талкууланды.
Жыйындын расмий бөлүгүн Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев ачты. Ошондой эле Түрксой эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев, ЮНЕСКОнун алдындагы Азия-Тынч океан аймагындагы материалдык эмес маданий мурастардын эл аралык маалымат жана тармактык борборунун (ICHCAP) директору Ким Доксун сөз сүйлөштү.
Конференциянын жүрүшүндө эл аралык эксперттердин катышуусунда тематикалык сессиялар өтүп, 8 секцияда илимий талкуулар уюштурулду. Отурумга Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова модераторлук кылды.
Мындан тышкары, конференциянын катышуучулары үчүн китеп көргөзмөсү жана музейлерге экскурсиялар уюштурулду. Иш-чаранын соңунда достуктун жана биримдиктин символу болгон боз үйдүн түндүгүн көтөрүү аземи өткөрүлдү.