Маалымат бизден башталат

Ички иштер министрлиги «Коррупцияга жол жок!» аттуу челленджин баштады

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги «Коррупцияга жол жок!» аттуу челлендж баштады. Демилге 2025–2030-жылдарга карата коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.

ИИМдин маалыматына ылайык, челлендждин максаты — коомчулукка коррупцияга каршы күрөштүн маанилүүлүгүн жеткирүү, жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана коррупциялык көрүнүштөргө карата келишпестик мамилени калыптандыруу.

Министрлик коррупциянын алдын алуу жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу мамлекеттик органдардын гана эмес, жалпы коомчулуктун да милдети экенин белгиледи.

Демилгенин алкагында эстафеталык вымпел Кыргызстандын Агартуу министрлигине өткөрүлүп берилди. Эми аталган министрлик челленджди улантып, коомчулукту демилгеге активдүү катышууга чакырды.

«Коррупцияга жол жок!» челленджи таза, адилеттүү жана коррупциясыз коомду калыптандырууга багытталган.

Автор
Редактор
15:50, 12-10-2026

Коом

Дүйнөдө

Саясат

Экономика

Спорт

Илим-билим

Маданият

Кылмыш