Кыргызстан үчүн тарыхый окуя: BAKAI Гонконгдо банктык лицензия алды
BAKAI Борбор Азиядагы Hong Kong Monetary Authority (HKMA) тарабынан Restricted Licence Bank категориясында банктык лицензия алган биринчи финансылык институт болуп калды.
Бул — Кыргызстандын банк сектору үчүн маанилүү кадам жана Борбор Азия менен Азиянын ири рынокторун байланыштырган жаңы финансылык көпүрөнүн түзүлүшү.
Бул эмнени билдирет?
✔️ Эл аралык финансылык инфраструктурага түз жетүү
✔️ Соода-сатыкты каржылоо жана документтик операциялар
✔️ Эл аралык жана чек аралык эсептешүүлөр
✔️ Аккредитивдер жана тышкы соода келишимдерин коштоо
✔️ Казыналык жана валюталык операциялар
✔️ Импортту жана экспортту каржылоо
Гонконг — дүйнөдөгү алдыңкы финансылык борборлордун бири. Эми BAKAI BANK Hong Kong аркылуу Борбор Азия менен Азия-Тынч океан аймагындагы банктар, финансылык институттар жана компаниялар менен түз кызматташууга жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат.
Банктын кеңсеси Гонконгдун маанилүү бизнес райондорунун бири болгон One Taikoo Place, Quarry Bay аймагында жайгашкан. BAKAI BANK Hong Kong компаниясын Лондон, Сингапур, Дубай жана Гонконг рынокторунда 25 жылдык тажрыйбасы бар эл аралык банкир Andreas Meletiou жетектейт.
Эл аралык деңгээлге карай жол
Бул жетишкендик көп жылдык системалуу иштин жыйынтыгы. BAKAI BANK эл аралык талаптарга шайкештигин бир катар маанилүү кадамдар менен бекемдеген.
Банктын комплаенс жана дүйнөлүк стандарттарга ылайык иш алып баруу деңгээли «Чоң төрттүккө» кирген компания тарабынан жүргүзүлгөн эки ийгиликтүү комплаенс-аудиттин жыйынтыктары менен тастыкталган.
Мындан тышкары, BAKAI BANK Кыргызстанда биринчи болуп LexisNexis Risk Solutions системасын киргизген. Банк ошондой эле «Мир» карталарын биринчилерден болуп өчүргөн.
BAKAI BANK Америкалык соода палатасынын (AmCham) активдүү мүчөсү болуп, АКШнын көзөмөлдөөчү органдары менен өткөрүлгөн консультативдик жолугушууларга катышып келет.
2022-жылдагы кризистик мезгилде BAKAI BANK Кыргызстандагы банктардын ичинен ири салык төлөөчү болгон.
Эми эмне болот?
Учурда BAKAI BANK Hong Kong ишин баштоого даярдык көрүп жатат. Эл аралык команда түзүлүп, технологиялык жана операциялык инфраструктура даярдалууда.
Жакынкы убакта банк кардарларды тышкы экономикалык ишмердүүлүк үчүн жаңы эл аралык мүмкүнчүлүктөр менен этап-этабы менен тааныштырат.
Толук ишке киргизүү жана кызматтардын жаңы багыттарын сунуштоо жакын арада күтүлүүдө.
BAKAIнин Гонконгго чыгышы — Кыргызстандын эл аралык финансылык картадагы ордун бекемдеген маанилүү кадам.