Улуттук университеттин окутуучусу — Азиянын беш жолку чемпиону болду
Бакыт Кадыров — комбат-джиу-джитсу боюнча Азиянын беш жолку чемпиону
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ага окутуучусу Бакыт Кадыров комбат-джиу-джитсу боюнча Азия чемпионатында бешинчи ирет чемпион аталды.
2026-жылдын 10–13-сентябрь күндөрү Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында комбат-джиу-джитсу боюнча Азия чемпионаты өттү. Мелдеште 85 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашкан Бакыт Кадыров бардык атаандаштарын жеңип, алтын медалга ээ болду.
Чемпионду жеңиши менен куттуктоо максатында 1-октябрда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Догдурбек Чонтоев Бакыт Кадыровду кабыл алды. Ректор спортчунун ийгилигин жогору баалап, ага ноутбук белек кылды.
Догдурбек Чонтоев Бакыт Кадыровго мындан аркы иштерине ийгилик каалап, комбат-джиу-джитсу боюнча жаңы жеңиштерди багындырып, Кыргызстандын жана Улуттук университеттин атын эл аралык аренада даңазалай беришине тилектеш экенин билдирди.
Өз кезегинде кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков чемпионго университеттин пансионатына жолдомо тапшырды.
Жолугушууга биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев, эл аралык кызматташтык жана байланыштар департаментинин директору Бакыт Келдибеков жана факультеттер аралык дене-тарбия жана спорт кафедрасынын башчысы Шаршен Абдыкеримов катышты.
Белгилей кетсек, бул Бакыт Кадыровдун Азия чемпионатындагы бешинчи чемпиондук титулу. Ал буга чейин 2022, 2023, 2024 жана 2025-жылдары Азия чемпиону болгон.
Мындан тышкары, Бакыт Кадыров — комбат-джиу-джитсу боюнча үч жолку дүйнө чемпиону (2023, 2024, 2025), 2025-жылдагы дүйнө кубогунун ээси, Европанын чемпиону. Ошондой эле ММАнын HFC32 жана Grappling WJF версиялары боюнча эл аралык турнирлерде чемпиондук алтын курларды жеңип алган.
Кезектеги жеңиш спортчунун жеке жетишкендиги менен катар Кыргыз улуттук университетинин спорттогу ийгиликтеринин дагы бир далили болуп калды.