Маалымат бизден башталат

Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген 50гө жакын балага белектер тапшырылды

Бишкекте «Открой сердце» коомдук кайрымдуулук фондунун 5 жылдыгына карата ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 50гө жакын балага концерттик программа уюштурулуп, белектер тапшырылды.

Иш-чараны колдоого фонддун жетекчиси Людмила Лобасенко «Байлото» компаниясына кайрылган. Компаниянын жетекчилиги демилгени колдоп, балдарга керектүү канцелярдык товарларды алып берген.

Белектерди «Байлото» компаниясынын расмий өкүлү Адилет Темирланов тапшырды. Ал фонддун 5 жылдыгы менен куттуктап, балдарга бекем ден соолук жана ийгиликтерди каалады.

Анын айтымында, компаниянын ички уставында социалдык долбоорлорду ишке ашыруу каралган. Ошондуктан мындай кайрымдуулук иштерин мындан ары да улантуу пландалууда.

Белгилей кетсек, «Байлото» буга чейин Токмок шаарындагы балдар үйүнө мектеп формаларын алып берип, колдоо көрсөткөн.

Автор
Редактор
16:08, 28-09-2026

Коом

Дүйнөдө

Саясат

Экономика

Спорт

Илим-билим

Маданият

Кылмыш