Чүйдө атасы менен уулун сабап кетишти: атасына баш сөөгүнө операция жасалып, уулунун абалы оор
Чүй облусунда атасы менен уулун топ балдар сабап кеткен. Натыйжада атасына баш сөөгүнө операция жасалып, уулунун абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу жабырлануучунун апасы айтып, ишти көзөмөлгө алууну өтүндү.
Анын айтымында, жолдошу менен уулу көчөдө топ баланын 15 жаштагы өспүрүмдү сабап жатканын көрүп, аны ажыратууга аракет кылган. Ошол учурда алар өздөрү да ур-токмокко алынган. Апасынын айтымында, топтогу алты баланын айрымдарынын колунда кастет жана бычак болгон.
«Биз сотко ишенип, шектүүлөр камакка алынат деп күткөнбүз. Бирок судья Канатбек Базарбаев аларды бошотуп жиберди. Окуядан кийин жолдошум майып болуп калды, уулумдун абалы дагы деле оор», — деди аял.
Чүй ОИИБи бул факт боюнча төрт адам кармалганын билдирди. Тергөөнүн жүрүшүндө алар спирт ичимдигин ичип, коомдук тартипти бузганы аныкталган.
Төрт шектүү 3-октябрда кармалып, 5-октябрда соттун чечими менен үй камагына чыгарылган.