Маалымат бизден башталат

Бишкектен Мончестиного: Кыргызстан менен Италиянын ортосунда жаңы достук көпүрөсү түзүлүүдө

 Италиянын Мончестино коммунасында Кыргызстан менен Италиянын ортосунда маданий, туристтик жана экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө арналган жолугушуу өттү.

Тарыхый муниципалитет имаратында өткөн жолугушууда Мончестино шаарынын мэри Бруно Поллис жана вице-мэр Жанни Де Микелис Кыргызстандан барган делегацияны кабыл алды. Делегациянын курамында элдик дипломатиянын өкүлү Гүлзада Шаршеналиева, Милиана Айбашева жана Кумар Кожокулов болушту.

Жолугушуунун негизги темаларынын бири Кыргызстан менен Италиянын ортосунда маданий-туристтик маршрут түзүү демилгеси болду. Анын алкагында эки өлкөнүн тургундары бири-биринин тарыхы, маданияты, архитектурасы, каада-салты жана заманбап жашоо образы менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышы күтүлүүдө.

Гүлзада Шаршеналиева кызматташтык Бишкек менен гана чектелбеши керектигин белгилеп, италиялык конокторго Кыргызстандын аймактарын, анын ичинде Каракол шаарын жана Ысык-Көл облусун кеңири таанытуу зарылдыгын айтты.

«Бишкекти гана эмес, Караколду да көрсөтүү, конокторду Кыргызстандын аймактарынын маданияты, жаратылышы жана салттары менен тааныштыруу абдан маанилүү. Кызматташтык формалдуу мүнөздө калбашы үчүн биргелешкен иш-чараларды көбөйтүп, адамдардын түздөн-түз баарлашуусуна шарт түзүү зарыл», — деди ал.

Жолугушууда эки өлкөнүн кол өнөрчүлөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашуу маселесине да өзгөчө көңүл бурулду. Пьемонт менен Кыргызстандын салттуу кол өнөрчүлүгүн тааныткан биргелешкен көргөзмөлөрдү, мастер-класстарды жана маданий иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Мындан тышкары, айыл чарба, архитектура, маданий туризм жана биргелешкен ишкердик долбоорлорун өнүктүрүү маселелери каралды. Катышуучулар чакан муниципалитеттердин деңгээлиндеги кызматташтык жергиликтүү ишкерлер, кол өнөрчүлөр жана маданий коомчулуктар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзө аларын белгилешти.

Мончестинонун мэри Бруно Поллис да Кыргызстандан келген коноктор үчүн муниципалитеттин эшиги ачык экенин билдирип, мындан аркы байланыштарды өнүктүрүүгө даяр экенин айтты. Ал туристтерди жылуу кабыл алууга жана биргелешкен ишканалар менен демилгелерди колдоого жергиликтүү бийлик кызыкдар экенин белгиледи.

Жолугушууда Бишкек менен Мончестинонун ортосунда эки шаардын бир туугандык мамилесин түзүү демилгеси да көтөрүлдү. Тараптар бул багытта тиешелүү процессти баштоого макул болушту. Мындай мамиле келечекте эки тараптуу кызматташтыкты туруктуу жана институционалдык деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзүшү мүмкүн.

Калкы 203 адамга жакын болгон Мончестино үчүн Кыргызстан менен өнөктөштүк эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүүнүн жаңы багыты болуп саналат. Ал эми Кыргызстан үчүн Италиянын коомчулугуна өлкөнүн борбору Бишкек менен катар Караколду, Ысык-Көлдү жана башка аймактарды түз байланыштар аркылуу таанытууга мүмкүнчүлүк ачат.

Ошентип, Мончестинодогу жолугушуу эки тараптын жөн гана таанышуусу менен чектелбестен, маданий туризмден тартып кол өнөрчүлүк, ишкердик жана шаарлар аралык өнөктөштүккө чейинки конкреттүү багыттарды аныктады.

Элдик дипломатиянын мааниси да ушунда — эл аралык байланыштар расмий документтер менен гана чектелбестен, адамдардын түз жолугушуусу, маданий алмашуу, биргелешкен долбоорлор жана бири-биринин шаарлары менен аймактарын жакындан таануу аркылуу жандуу мазмунга ээ болот.

Бишкектен Мончестиноого, Мончестиноодон Караколго чейин — Кыргызстан менен Италияны маданият, туризм, ишкердик жана адамдык байланыштар аркылуу бириктирген жаңы кызматташтык жолу түптөлүшү мүмкүн.

Автор
Редактор
20:37, 06-10-2026

Коом

Дүйнөдө

Саясат

Экономика

Спорт

Илим-билим

Маданият

Кылмыш