Маалымат бизден башталат

Таласта жол жээгинде мыйзамсыз жайгашкан соода түйүндөр буздурулду 

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат тарабынан Талас облусундагы Манас районуна караштуу Май айылындагы автоунаа жолунун жээгиндеги мыйзамсыз жайгашкан соода түйүндөр алынды. 
Маалыматты аталган министрлик кабарлады.
Белгилей кетсек, Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат тарабынан КР Президентинин “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерге) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” 2023-жылдын 14-мартындагы №56 Жарлыгын аткаруунун алкагында өткөн жылы жалпысынан мыйзамсыз курулган 474 объекти табылган. Анын ичинен 371 объект буздурулуп, 9 объектке чара көрүү боюнча укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.
 
Автор
Редактор
10:36, 31-01-2025

Экономика

Кылмыш

Илим-билим

Коом

Спорт

Саясат

Дүйнөдө