Маалымат бизден башталат

 Кыргызстанда интим кызматын жарнамалаган 23 сайттын ишине бөгөт койулду

Ички иштер министрлиги интернет мейкиндигине мониторинг жүргүзүүдө интим кызматтарын жайылтууга байланыштуу маалыматтарды камтыган 20дан ашык интернет-ресурстарды аныктады. 

Бул сайттарда кыздардын жылаңач сүрөттөрү, интимдик кызмат көрсөткөн кыздардын сүрөттөрү жана кызмат акысы жарыяланган. Бул маалыматтарга жетүү мүмкүнчүлүгү оңой жана бул ресурстарга жашы жете электер дагы кире ала тургандыгы аныкталган.

Министрлик мындай иштер дагы да жүрүп тураарын эскертишкен.

Автор
Редактор
11:58, 30-01-2025

Коом

Дүйнөдө

Спорт

Саясат

Кылмыш

Экономика

Илим-билим