Маалымат бизден башталат

Көл жээгинде музга жабышып, кыймылдай албай калган ак 
куу куткарылды

Пристань Пржевальск айылынын көл жээгинде музга жабышып, кыймылдай албай калган ак
куу куткарылды. Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик-
экологиялык милиция кызматкерлери жана «Эко Надзор» коомдук уюмунун активисттеринин
ыкчам аракеттеринин натыйжасында куштун өмүрү сакталды.

Ак куу көлдүн музунда тоңуп, критикалык абалда табылган. Кыйын аба ырайы жана муздун
жукалыгына карабай, милиция жана экологдордун кесипкөй ишмердиги жана бирдиктүү иши
куткарууну ийгиликтүү аяктоого мүмкүнчүлүк берип, тез арада кушту коркунучтуу жагдайдан
чыгарышкан.
Куткарылган ак куу Каракол шаарындагы «Бугу-Эне» зоопаркына алып барылып, ал жерде
реабилитация аракеттери жүргүзүлгөн. Куш калыбына келген соң кайра көлгө кое берилди.

 

 

Автор
Редактор
16:40, 29-01-2025

Спорт

Коом

Дүйнөдө

Саясат

Экономика

Кылмыш

Илим-билим