Шашылыш билдирүү! Кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ Кыргызгидромет кызматынын маалыматына таянып, 2025-жылдын 30-январынан 1-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-50,74-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусуна;
Мырзаке – Кара-Кулжа –Алайкуу унаа жолунун 60-110-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңо тургандыгын билдирди.
"Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл",-деп айтылат маалыматта.
Автор
Редактор
13:39, 29-01-2025