Маалымат бизден башталат

Алайда мектеп жабылып, окуучулар жөө башка мектепке барып окуп жатышкандыгы белгилүү болду

Алайда айылдагы мектепти жаап салышкандыктан, жаш балдар чоң жолду бойлой, 5 километр жөө барып окуп жатышканын бүгүн, 29-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында  Эрнис Айдаралиев айтты. 

Анын айтымында Алай районундагы Үч-Дөбө айыл аймагынын Көлдүк айылында №50-башталгыч класстар үчүн мектепти жаап коюшкандыктан балдар кыштын күнү кыйналып жатышат.

Депутат «Аны Чий-Талаа айылындагы Абдыжапаров атындагы мектепке кошуп коюшкан. Экөөнүн ортосу 5 километр. Ал жерде «Ош-Эркеч-Там» чоң жолу бар. Ал каттам абдан кооптуу, күнүнө 2000-3000ден фура атуу ылдамдыкта өтүшөт. №50 мектепти өз ордунда калтырса», — деп Президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмаз Абытовго кайрылды.

Автор
Редактор
13:31, 29-01-2025

Илим-билим

Коом

Экономика

Дүйнөдө

Кылмыш

Спорт

Саясат