Маалымат бизден башталат

Ысык-Көлдө жасалма чек көрсөтүп, дүкөндөрдү алдаган жарандар кармалды

2025-жылдын 20-январында Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө Бостери
айылынын жана Чолпон-Ата шаарынын тургундарынан окшош мазмундагы үч арыз келип
түшкөн. Арызданган жарандар өз дүкөндөрүнө белгисиз адамдар келип, соода кылып,
мобилдик банк тиркемеси аркылуу жасалма чек көрсөтүп, аларды алдап кеткенин
билдиришкен.
Жабырлануучуларга жалпы 11 406 сомдук материалдык чыгым келтирилген.
Аталган фактылар Ысык-Көл РИИБинин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын
Кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Бостери айылдык милиция
бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөр кармалган. Алар Чүй
облусунун Токмок шаарынын тургуну, мурда уурулук үчүн соттолгон 2006-жылы туулган
Э.Э. жана Ысык-Көл районунун тургуну, 2006-жылы туулган И.Х. болуп чыккан.
Алдын ала суракка алынган шектүүлөр күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алышкан.
Тергөө амалдары уланууда.

Автор
Редактор
13:55, 28-01-2025

Спорт

Коом

Дүйнөдө

Саясат

Экономика

Кылмыш

Илим-билим