Өлкөдө кызмат көрсөтүү тармагында мамлекеттик тил тууралуу мыйзамды бузгандарды жазалоо сунушталууда
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия кызмат көрсөтүү тармагындагы мамлекеттик тил тууралуу мыйзамды бузгандар үчүн жаза караштырууну сунуштаган мыйзам долбоорун иштеп чыгууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев билдирди.
Мураталиев Кодекс жөнүндө мыйзамга кандай жаза киргизүү сунушталып жатканын айткан жок. Ал бул маселе али талкууланып жатканын билдирди.
Мелис Мураталиев мамлекеттик тил тууралуу мыйзамды бузгандыгы үчүн өтө катуу жаза каралбай турганын, бирок жарнамадагы бул норманы бузгандыгы үчүн гана айып пул каралганын белгиледи.