Маалымат бизден башталат

Токмоктогу дарылоо- ден соолукту чыңдоо борбору мамлекеттин балансына кайтарылды 

 Токмок шаарындагы аянты 1,05 га жер тилкеси менен,1995-жылы ошол кездеги КР мыйзам ченемдерин бузуу  аркылуу менчиктештирилип кеткен дарылоо-ден соолукту чыңдоо борбору мамлекеттин балансына кайтарылды.  Маалыматты УКМКдан билдиришти. 
       Аталган борбор Мамлекеттик мүлк фонду менен макулдашпастан жеке менчикке толук түрдө берилгени аныкталды.   Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 9-октябрындагы № 421 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын социалдык инфраструктурасынын объектилерин пайдалануу программасына» ылайык, ушул типтеги объектилер толугу менен менчиктештирүүгө жатпайт, б.а. акциялардын 59% мамлекетке тиешелүү болушу керек.
      Бирок, Е.У. жетекчи болуп туруп, жасалма келишим түзүп, аталган ден соолукту чыңдоочу мекемени уулуна жеке менчикке өткөрүп берген. Натыйжада, мамлекетке ден соолукту чыңдоо борборунан  тиешелүү акцияларынын пакети берилген эмес, б.а. мамлекет пайдадан жана борбордун  аймагынын бир бөлүгүн ээликтен ажыратуудан дивиденддерди алган эмес.
       УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында бул социалдык маанилүү объект максаттуу багыты боюнча пайдаланылуусу үчүн Токмок шаарынын мэриясынын муниципалитетинин балансына өткөрүлүп берилди.

Автор
Редактор
10:35, 28-01-2025

Экономика

Дүйнөдө

Коом

Илим-билим

Спорт

Кылмыш

Саясат