Маалымат бизден башталат

Жасалма интеллект эмчек рагын эрте аныктай алабы? Улуу Британияда дүйнөдөгү эң ири изилдөө башталды

 
  1.  
     

    Улуу Британияда жасалма интеллекттин эмчек рагын скрининг аркылуу аныктоого тийгизген таасирин изилдөө максатында дүйнөдөгү эң ири сыноого 700 миңге жакын аял катышууга чакырылат.

    Изилдөөнүн алкагында жасалма интеллект маммографиялык сүрөттөрдү талдап, ракты эрте аныктоонун натыйжалуулугун жогорулатууга жана медицина кызматкерлеринин жумуш жүгүн азайтууга жардам бере алабы деген маселе каралат. Ошол эле учурда ооруну ашыкча аныктоо коркунучун болтурбоого өзгөчө көңүл бурулат.

    EDITH деп аталган изилдөөгө катышуучуларды каттоо Кембридж университетинин ооруканаларында башталды. Бул Улуу Британия боюнча изилдөөгө катыша турган 30 медициналык мекеменин биринчиси.

    Улуу Британияда 50 жаштан 71 жашка чейинки аялдар ар үч жылда бир жолу эмчек рагына текшерүүдөн өтүүгө чакырылат. Жыл сайын бул мүмкүнчүлүктөн эки миллиондон ашык аял пайдаланат.

    Учурда Улуттук саламаттык сактоо кызматынын (NHS) эки адиси ар бир аялдын эмчегинин рентген сүрөтүн, башкача айтканда маммограмманы текшерет. Ал эми жаңы изилдөөнүн алкагында адистердин биринин ордуна жасалма интеллект колдонулат.

    Буга чейин жүргүзүлгөн бир катар чакан изилдөөлөр жасалма интеллект эмчек рагын аныктоонун көрсөткүчүн жакшырта аларын көрсөткөн. Бирок жаңы изилдөөнүн авторлору бул технология аялдарды кошумча текшерүүлөргө негизсиз чакырууга алып келип, зыян келтирбей турганына ынанууну көздөшүүдө.

    Уорвик университетинин калктын саламаттыгы боюнча профессору, изилдөөнүн тең жетекчиси Сиан Тейлор-Филлипстин айтымында, жасалма интеллекттин жардамы менен ракты эрте аныктоонун мүмкүнчүлүгү жогорулашы мүмкүн.

    «Жасалма интеллектке негизделген технология ракты эрте аныктоого жардам бере алат. Бирок биз эч качан белгилерди жаратпай турган жеңил түрдөгү ооруларды ашыкча аныктоодон алыс болушубуз керек», — деди ал.

    Белгилей кетсек, эмчек рагы Улуу Британиядагы аялдар арасында эң көп кездешкен онкологиялык оорулардын бири. Өлкөдө жыл сайын бул илдеттин 59 миңге жакын учуру катталат.

Автор
Редактор
13:29, 24-11-2026

Дүйнөдө

Спорт

Илим-билим

Саясат

Экономика

Маданият

Коом

Кылмыш