Маалымат бизден башталат

Баткенде футбол инфраструктурасын өнүктүрүү маселелери талкууланды

Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында аймактын футбол коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Мекемеден билдиришкендей, анда футболду өнүктүрүү пландары жана тармактагы актуалдуу маселелер талкууланды.

Жолугушууга Баткен облусунун футбол ассоциациясынын жамааты жана аймактагы футбол түзүмүнө кирген уюмдардын өкүлдөрү катышты. Ошондой эле башкы катчы жергиликтүү футболдун өнүгүшүнө салым кошкон адистерге ыраазычылык каттарын тапшырды.

Мындан тышкары, Медербек Сыдыков Баткен шаарындагы стадиондун курулушу менен таанышты. 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган объекттин аймагында негизги аренадан тышкары үч машыгуу талаасы, төрт кичи футбол аянтчасы жана 100 орундуу жатакана курулууда.

Курулуштун сапаты жана белгиленген мөөнөттөрү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, подрядчылар жана долбоорлоочулар менен өзүнчө талкууланды. Стадионду 2027-жылы пайдаланууга берүү пландалууда.

Автор
Редактор
13:42, 23-11-2026

Дүйнөдө

Спорт

Илим-билим

Саясат

Экономика

Маданият

Коом

Кылмыш