Кыргызстанда ар бир үчүнчү пенсионер балдарына жана неберелерине үзгүлтүксүз материалдык жардам көрсөтөт
Кыргызстанда ар бир үчүнчү пенсионер балдарына жана неберелерине үзгүлтүксүз материалдык жардам көрсөтөт
-
Кыргызстанда улгайган жарандар балдарына жана неберелерине материалдык жактан активдүү жардам көрсөтүп келишет. Мындай тыянак «Кыргыз Республикасында калктын карылыгы жана жакырчылык» аттуу аналитикалык баяндамада келтирилген.
Маалыматка ылайык, сурамжылоого катышкан 55 жаштан жогорку адамдардын 71,6%ы балдарына же неберелерине материалдык жардам беришет. Алардын 31,1%ы мындай жардамды үзгүлтүксүз көрсөтөт. Ал эми 56,2%ы пенсиясын негизинен үй-бүлөсүнүн муктаждыктарына жумшайт.
Баяндамада муундар ортосундагы өз ара жардам үй-бүлөлөрдүн бакубаттуулугун камсыз кылган маанилүү ресурс бойдон калганы белгиленет. Бирок үй-бүлө мүчөлөрүнүн миграцияга кетиши улгайган адамдар үчүн эки жактуу жагдайды жаратууда. Бир жагынан, акча которуулар үй-бүлөнүн кирешесин колдосо, экинчи жагынан, күнүмдүк камкордукка жана баарлашууга болгон мүмкүнчүлүктөрдү чектеши мүмкүн.
Изилдөөнүн маалыматына караганда, үй-бүлө мүчөлөрүнүн 199,4 миңи чет өлкөдө кеминде бир жыл жашаган. Алардын жарымынан көбү (53,4%) Жалал-Абад жана Ош облустарынан кеткен.
Ошондой эле акча которуулар болбогондо, 2025-жылы Кыргызстандагы жакырчылыктын деңгээли иш жүзүндөгү 24%дын ордуна 34,9%ды түзүшү мүмкүн экени айтылат.
Мындан тышкары, неберелерди кароо милдети көп учурда улгайган туугандардын мойнуна жүктөлөт. Ошол эле учурда алар жалгыздыкка да кабылышы мүмкүн.
Дагы бир маанилүү тенденция — улгайган куракта да эмгек ишмердүүлүгүн улантуу.
2024-жылдагы маалыматтарга ылайык, калктын жаш курагы боюнча жумуш менен камсыз болуу деңгээли төмөнкүдөй:
-
60–64 жаштагылар арасында — 48,4%;
-
65–69 жаштагылар арасында — 30,6%;
-
70 жаштан жогоркулар арасында — 8,3%.
-