Маалымат бизден башталат

Кыргызстан 2027-жылдын жазында Европанын шаарларына беш түз аба каттамын ачууну пландоодо

 

  1.  Кыргызстан 2027-жылдын жаз айларында Европанын шаарларына беш түз аба каттамын ачууну пландоодо. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.

    Анын айтымында, учурда Франкфурт, Мюнхен, Прага, Милан, Лондон жана Будапешт шаарлары менен аба каттамдарын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Талкууга Кыргызстандын жарандык авиация тармагынын жана аэропортторунун жетекчилери катышууда.

    Эдуард Кубатов белгилегендей, 2027-жылы Asman Airlines авиакомпаниясы биринчи жолу чоң сыйымдуулуктагы учактарды алат. Андан кийин компания өзүнүн эл аралык багыттарын ачууну пландаштырууда.

    Алгачкы этапта Кыргызстанга Lufthansa, Air France жана British Airways сыяктуу европалык авиакомпаниялардын каттамдарын ишке киргизүү күтүлүүдө. Кийинки этапта кыргызстандык авиакомпаниялар Европанын шаарларына түз каттамдарды аткара баштайт.

     
     
     
     
     
Автор
Редактор
11:49, 24-11-2026

Дүйнөдө

Спорт

Илим-билим

Саясат

Экономика

Маданият

Коом

Кылмыш