Маалымат бизден башталат

FИFA: Улуу Британия 2035-жылы аялдар арасындагы дүйнө чемпионатын өткөрөт

Англия, Түндүк Ирландия, Шотландия жана Уэльс 2035-жылкы аялдар арасындагы дүйнө чемпионатын биргелешип өткөрөт. Бул тууралуу Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) расмий билдирди.

Бул 1966-жылы эркектер арасындагы дүйнө чемпионатынан кийин Улуу Британияда футбол боюнча дүйнөлүк биринчилик биринчи жолу өткөрүлөт дегенди билдирет.

Турнирди өткөрүүгө аталган төрт өлкө гана талапкер болгон. Алар FIFAнын Цюрихтеги башкы кеңсесинен онлайн форматта уюштурулган атайын жыйында биргелешип кабыл алуучу өлкөлөр катары бекитилди.

Дүйнө чемпионаты 39 күнгө созулуп, ага 48 команда катышат. Жалпысынан 104 беттеш өткөрүлөт.

«Баары бирге» («All Together») деп аталган талапкерлик долбоорунда турнирди өткөрүү үчүн 19 стадионду пайдалануу сунушталган. Алардын 14ү Англияда, бирөө Түндүк Ирландияда, экөө Шотландияда жана экөө Уэльсте жайгашкан.

Ошондой эле дүйшөмбү күнү өткөн FIFA Конгрессинин атайын жыйынында 2031-жылкы аялдар арасындагы дүйнө чемпионатын Мексика, АКШ, Коста-Рика жана Ямайка биргелешип өткөрүү сунушу да жактырылды. Бул мелдешке алгачкы жолу 48 команда катышат.

Бул кабар Улуу Британия өкмөтү дүйнө чемпионаты өтө турган 2035-жылга чейин спорт менен машыккан, спорттук иш-чараларды көргөн же спорт тармагында жетекчилик кызматтарды аркалаган кыздардын санын дагы бир миллионго көбөйтүү максатын жарыялаган күнү белгилүү болду.

 
 
 
 
 
Автор
Редактор
11:15, 24-11-2026

Дүйнөдө

Спорт

Илим-билим

Саясат

Экономика

Маданият

Коом

Кылмыш