Суу спортунун спортчулары үчүн машыгуу шарттары жакшыртылат
Чолпон-Атадагы байдарка жана каноэ боюнча спорттук базанын абалын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев текшерди.
Мекемеден билдиришкендей, бул иштер өлкөдө суу спортун өнүктүрүү пландарынын алкагында жүргүзүлдү.
Сапар учурунда базанын учурдагы материалдык-техникалык абалы, инфраструктурасы жана машыгууга түзүлгөн шарттар каралды.
Жыйынтыгында Урмат Асанбаев базанын укуктук макамын жөнгө салуу, ошондой эле аны толук реконструкциялоо жана жаңылоо боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Бул чаралар спортчулардын натыйжалуу машыгуусуна шарт түзүүгө багытталган.
Автор
Редактор
13:19, 23-11-2026