Маалымат бизден башталат

Меркурийди изилдөө үчүн космоско учурулган аппарат орбитага чыкты

 Европанын BepiColombo космостук аппараты сегиз жылдык сапардан кийин Меркурий планетасынын орбитасына чыкты. Бул тууралуу Euronews кабарлады.

Маалыматка ылайык, BepiColombo миссиясы Европа космостук агенттиги (ESA) менен Япониянын аэрокосмостук изилдөөлөр агенттигинин (JAXA) биргелешкен долбоору болуп саналат. Аппарат 2018-жылы Француз Гвианасынан учурулган.

Миссиянын негизги максаты — Күнгө эң жакын жайгашкан Меркурий планетасын ар тараптуу изилдеп, анын түзүлүшү жана Күн системасынын эволюциясы тууралуу илимпоздордун түшүнүгүн кеңейтүү болгон.

Европа космостук агенттигинин маалыматына караганда, аппарат Жер менен байланыш түзгөн. Учуу динамикасы боюнча адистер анын Меркурийдин орбитасына ийгиликтүү чыкканын тастыкташкан.

Пландын негизинде европалык жана жапониялык эки орбиталык аппарат 9–10-декабрда бири-биринен бөлүнөт. Ал эми илимий изилдөө этабын 2027-жылдын апрель айында баштоо пландалууда.

BepiColombo Меркурийдин орбитасына чыккан тарыхтагы экинчи космостук миссия болот. Ал эми изилдөөнүн татаалдыгы боюнча эң ири долбоорлордун бири болуп саналат.

Белгилей кетсек, Меркурий — Күн системасындагы эң кичинекей планета. Андагы температура күндүз +430 градуска чейин көтөрүлүп, түнкүсүн -180 градуска чейин төмөндөйт.

Автор
Редактор
11:10, 23-11-2026

Дүйнөдө

Спорт

Илим-билим

Саясат

Экономика

Маданият

Коом

Кылмыш